Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов көчкү түшкөндөн бир күндөн кийин аталган жерге борбордун кызматкерлери барып, жеринен көрүп келгенин айтты. Окумуштуу Жууку капчыгайында көчкү жүргөндөн кийин француз окумуштуулары спутник аркылуу анын себептерин иликтегенге далалаттанганын белгилеп, көчкүнүн келип чыккан себептери боюнча пикирин билдирди.
— Рысбек Абылаевич, Жуукуда болгон көчкүнү айрымдар Кумтөр кенин казуунун кесепетинен дешсе, башкалары климатка байланыштырып жатышат. Сиздин пикириңизде себеби эмнеде?
— Биздин Тянь-Шань тоолорунда көчкү ар дайым болуп тура турган табигый көрүнүш. Өзгөчө жаз айларында ар бир кокту-колотто болот. Ал эми Жуукуга келе турган болсок, илимий тил менен айтканда көчкү №398 мөңгүдө болду. Жергиликтүү калк бул аймакты Кичи-Котур деп коет. Ошол жерден 4330 метр бийиктиктен 3650 метрге чейинкиси кулап түштү. Узундугу 2 чакырым, ал 50 секундага жетпеген убакытта көчүп түшүп калды, секундасына 40 метр же саатына 150 чакырым ылдамдыкта түштү десек болот. Анын видеого тартып алган туристтер ыңгайлуу жерде болуп калганы үчүн көчкү алдында калбай, тартып алганга жетишкени бул өзүнчө кызыктуу окуя. Видеого түшүп калганы үчүн да коомго тарап кетти окшойт.
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов
Көчкү түшкөн күндүн эртеси эле биздин көп жылдан бери иштешип келе жаткан француз кесиптештерибиз кат жазышты. Жан Кретье деген илимдин доктору бар, ошол кишинин командасындагы дагы бир илимпоз Саймон Гаскойн Жуукунун координатын, андагы мөңгүлөр боюнча маалымат сураптыр. Анткени Франциянын Тулуза шаары космосто учуп жүргөн спутниктердин илимий борбору болуп эсептелет. Ал борбордун дүйнөнүн кайсы бурчунда эмне окуя болсо, анын ошол саат, ошол мүнөттөгү космосүрөттөрүн алып туруп, изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Мага кат жазганынын себеби көчкүнүн аянтын, көлөмүн эсептеп чыкканы жатышыптыр. Алардын эсеби боюнча көчкүнүн узундугу 300 метр, туурасы да дээрлик ушундай эле, калыңдыгы 30 метрден ашыгыраак, ал эми жалпы көлөмү 1 миллион 500 куб метр болгон.
Ал эми көчкүнүн негизги себебин аныктоо үчүн биз Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен да жыйын өткөрүп, маселени талкууладык. Ошол көчкү түшкөн 398-мөңгүгө эң жакын метео станция бул Тянь-Шань — Кумтөр, ал 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Ошол метео станциянын маалыматы боюнча 1930-жылдан 2021-жылга чейин май айында орточо 46-47 миллиметр жаан жаайт, ал эми быйыл майда 180 миллиметр кар жааган. Бул акыркы 90 жылда болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү жаан-чачын десек болот. Майда бул жерге кар гана жаайт.
Экинчиден, 5-июлда биздин кызматкерлер Жууку аркылуу Кумтөргө чыгышты эле. Себеби 396-мөңгү жалпак Григорьев мөңгүсү деп аталат, биз ошол жерде көп жылдан бери байкоо жүргүзөбүз. 6-июлда биздин кызматкерлер бул жерден былтыркы октябрдан тарта жааган кардын көлөмүн аныкташмак. Аталган жалпак Григорьев мөңгүсүнүн эң төмөн жери 4300, ал эми эң бийик жери 4500 метрден ашат. Биздин байкообузга караганда бул мөңгүдө 4400 метр бийиктикте ушул күнү 60 сантиметр кар жаткан, башкача айтканда, 200 милиметр суу эквивалентиндеги суу катмары бар болчу. Мына ушундай эле көрүнүш ошол көчкү түшкөн 398-мөңгүдө да болгон. Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, кээ бирөөлөр бүтүндөй эле мөңгү же муз эрип түшүп калган деп түшүнүп жатышат, жок, көчкүнүн көп бөлүгүн кар күрткүсү түзөт. Ал ошол эле жаңы жааган жана көп жылдан бери ошол жерде жаткан кар.
Ошондой эле май-июнь айлары жаанчыл болду, июнь айынын соңу, июлдун башы катуу ысыбадыбы. Табиятта аномалдуу көрүнүштөр сөзсүз бир кубулуштарга алып келет. Жыйынтыктап айтканда, Жуукудагы көчкү климаттык кескин өзгөрүүдөн улам келип чыкты.
— Демек, кен казуунун тиешеси жок экен да? Негизи эле Кумтөрдө кен казуудан мөңгүлөр бат эриши мүмкүнбү?
— Кумтөр карьери бул жерден 30 чакырым алыс жайгашкан. Биз 2014-жылдан бери кен казылып жаткан Ак-Шыйрак массивинин тескей жагындагы Борду, Сары-Төр, Лысый жана Петров мөңгүлөрүндө байкоо жүргүзүп келебиз. Борду менен Сары-Төрдүн үстүндө биздин видео камера жана башка жабдуулардан турган автоматтык метео станцияларыбыз жайгашкан. Ошондой эле жогоруда айтылган 396, 398-мөңгүлөр Тескей Ала-Тоонун күңгөй бети деп аталат. Ал эми тескейи Жети-Өгүз, Ак-Суу райондору же болбосо көлдү караган тарабы. Биз бул күңгөй бетинде дагы, тескей жагында дагы мөңгүлөрдүн өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүп турабыз. Колдогу маалымат боюнча Сары-Төр, Борду мөңгүлөрүнүн бүгүнкү күндөгү абалын күңгөй беттеги мөңгүлөр менен салыштыра турган болсок, эгерде 2014-жылдан 2021-жылга чейин кен казуунун кесепети тийиши ыктымалдуу деген Борду мөңгүсүндө жылына муз 1,5 метрге чейин эрип турса, Кумтөр карьеринен 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Котур, Ашуу-Төр мөңгүлөрүндө жылына 2,5 метрге чейин жетет.
Рысбек Сатылканов: күн 1 градуска жогорулаган сайын муздун да, кардын да эрүү темпи 24 миллиметрге көбөйөт же тездейт
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Мөңгүлөрдүн адаттан тыш бат эришине климаттан башка эмнелер таасирин тийгизип жатат?
— Мөңгүлөр жайгашкан бийик зонада бир топко чейин жаан жаабай калган учурда катуу жургөн автомобилден да чаң көтөрүлөт. Алар тоонун бетине барып отурат. Бул боюнча эбегейсиз чоң эмгекти 1950-жылдары эле Мария Глазовская жасап кеткен. Ал биздин мөңгүлөргө чаң кайдан барып отурат, эмне таасир этерин мыкты аныктап, жазган болчу. Кумтөргө барганда биз да байкап жүрөбүз, өзгөчө жай саратанында мөңгүлөргө боз түшүп калат. Анткени Тянь-Шань тоолорун бүт эле Каракум, Кызылкум, Такла-Макан сыяктуу чөлдөр курчап турат. Алар аба менен келип, мөңгүлөргө жабышат. Мындан сырткары, жергиликтүү да себептери бар. Нарын дарыясынын башы болгон Тарагай, Жаакташта жайдын аптабында суу тартылып, сайлар кургап калат. Ошондо агып келген майда топурактар шамал менен көтөрүлөт, булар да тоолорго, мөңгүлөргө барып отурат. Ошондой эле соолуп калган Арал деңизиндеги чаң, кумдардан биринчи кезекте Өзбекстан жабыр тартып жатат ,алардын биздин мөңгүлөргө чейин жетип жатканы тууралуу божомолдор айтылат.
Мындан сырткары, адамдын аракетинен же болбосо өндүрүштөн да мөңгүлөргө зыян келген учурлар болот. 1990-жылдары Ирак Кувейтти басып алып мунай скважиналарынын баарын өрттөп, андагы бир нече күнгө токтобогон уюлгуган кара түтүн биздин мөңгүлөргө чейин жеткен деген да маалыматтар бар.
Ошондой эле күн 1 градуска жогорулаган сайын муздун да, кардын да эрүү темпи 24 миллиметрге көбөйөт же тездейт.