Кыш оор болушу мүмкүн. Токтоп турган "Түндүк агым" Европаны түйшөлтүүдө

Лу Американын газы Европаны кыйын кырдаалдан алып чыгышы ыктымал деп божомолдогон. Бирок бул үчүн жаңы терминалдар керек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эгер Россиядан газ жеткирүү үзгүлтүккө учураса, Европада кыш оор болушу ыктымал. Бул тууралуу Foreign Policy журналына серепчи Кристина Лу жазганын РИА Новости билдирди.
Макаланын автору эксперттердин ой-пикирлерин мисал келтирген. Анда адистер "Түндүк агымдын" пландык тейлөөсү токтоп калышы кырдаалды оорлото турганын айтышкан.
"Энергоресурстарга суроо-талап өсүүдө. Газдын басымдуу көлөмү үйлөрдү жылытууга керек. Ошол себептен кыш оор болушу ыктымал", — деген Лу.
Анын айтымында, адатта Европа өлкөлөрү газ кампаларын жайында эле толтуруп алышат.
"Эгер Россиядан газ жеткирүү кечеңдесе, кышында эл кыйналат. Мындай учурда ишканалар жабылып, экономика оңой эмес абалга кептелет", — деген макаланын автору.
Лу Американын газы Европаны кыйын кырдаалдан алып чыгышы ыктымал деп божомолдогон. Бирок ал үчүн жаңы терминалдар керек.
Эске салсак, 11-июлда "Түндүк агым" аркылуу Россиядан Европага газ жеткирүү токтотулду. Газ түтүгүндө жылдагыдай пландык профилактикалык иштер жүргүзүлүп, иш 21-июлга чейин созулат.
"Бул башталышы эле". Евро менен доллардын келечегине сереп