Шойгу Киев режиминин элге сокку уруу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөөнү тапшырды

Украина Куралдуу күчтөрү ЛЭР менен ДЭРди тынбай аткылап, бошотулган Херсон, Запорожье жана Харьков облустарына сокку уруп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. РФ коргоо министри Сергей Шойгу өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө Киев режиминин Донбасстын жай тургундарына сокку уруу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөө үчүн бардык багытта аракет көрүүнү тапшырганын министрликке таянуу менен РИА Новости жазды.
Кабарда Шойгу Россиянын Украинадагы атайын операциясынын тапшырмаларын аткарып жүргөн "Юг" жана "Центр" топторун текшерип, армиянын генералы Сергей Суровкиндин, генерал-полковник Александр Лапиндин жана башка аскер жетекчилеринин учурдагы кырдаал жана каршы тараптын аракеттери тууралуу маалыматын укканы айтылат.
"Соңунда министр Киев режимин инфраструктурага жана Донбасс менен башка аймактын жай тургундарына ракеталык жана артиллериялык сокку уруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн бардык багытта аракет көрүү тапшырмасын берди", — деп жазылган маалыматта.
Россия армиясы ЛЭР жана ДЭР күчтөрү менен Луганск Эл Республикасын толугу менен, Донецкинин басымдуу бөлүгүн бошоткон. Буга карабастан Украина Куралдуу күчтөрү ЛЭР менен ДЭРди тынбай аткылап, бошотулган Херсон, Запорожье жана Харьков облустарына сокку уруп келет. Мында "Точка-У" баллистикалык ракеталарын жана америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары колдонулууда. Аткылоодон көбүнесе карапайым калк жабыркап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ATACMS ракетасы украиналык мамлекеттүүлүктү жок кылат. Аскерий сереп