Кыргызстан май айында бир грамм дагы күмүш саткан жок

Былтыр майда кымбат баалуу металлдын бул түрүнөн 400 килограмм сатылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын май айында бир грамм дагы күмүш саткан жок. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети чыгарды.
Жыл башынан берки январь-апрель айларында 607 килограмм баалуу металл сатылган, ушундай эле көлөм январь-май айы үчүн да көрсөтүлгөн. Экспорттун токтоп калышынын себеби жазылган эмес. Кыргызстандын күмүшүн Түркия (353 килограмм) жана Россия (354 килограмм) сатып алган. Белгилей кетсек, март айында дагы ушундай болуп чет өлкөгө чыгарылган эмес.
Деген менен өткөн жылы беш айда 3,2 тонна күмүш экспорттолгон, анын ичинен май айында 399,6 килограмм сатылган.
Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган