БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кант диабети барларга жана ашыкча салмактан жабыркагандарга күрүч сунушталбайт. Бул тууралуу дарыгер-эндокринолог Елена Губкинага таянып "Известия" жазды.
"Бул азыктын гликемикалык индекси жогору. Ак күрүчтү жумасына 100 грамм гана колдонуу керек", — деди дарыгер.
Адис күрүчтү сүйүп жегендер анын жапайы жана кара түрүнө өтсө болорун айтты. Аларда углевод азыраак кездешет.
Губкина кант диабети кандагы глюкозанын жогорулашы менен байланыштуу оору экенин, андан оолак болуу үчүн туура тамактануу керектигин билдирди. Дарыгер гликемикалык индекси жогору азыктарга күрүчтөн сырткары ундан жасалган таттуулар жана картошка кирерин айтты.
Ошондой эле кандагы кантты ак нан, куймак, күрүч лапшасы, тез даярдалуучу ботколор, жүгөрүнүн үлпүлдөгү, шоколад, газдалган суусундуктар, чипсы көтөрөрүн эскертти.