17-июлга карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. 17-июль, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас облусунда +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +34...+39, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын жергесинде +28...+33 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +36...+38, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы 41 градусту көрсөтөт. Ошто бир жумага карата аба ырайы