Жергиликтүү сотторго 15 судья дайындалды. Тизме

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жергиликтүү сотторго 15 судья дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мамлекет башчы Садыр Жапаровдун дарегине судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 15 адамдын талапкерлигин сунуштаган.
"Кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болуп, тиешелүү жарлыктарды кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы дайындалган судьялар:

Жалал-Абад облусу
Ноокен райондук сотуна — Тарасбек Осмонов;
Базар-Коргон райондук сотуна — Жыпар Каримова;
Ала-Бука райондук сотуна — Камбарбек Бейшеев;
Токтогул райондук сотуна — Аида Бегимбаева, Назира Солпуева;
Майлуу-Суу шаардык сотуна — Муратали Турмаматов;
Таш-Көмүр шаардык сотуна — Куралбек Бектемиров;
Ош облусу
Ош облустук сотуна — Келдибек Исажанов;
Ош облусунун административдик сотуна — Жаңыл Жаныбекова
Чон-Алай райондук сотуна — Рахманаали Абдрахманов;
Нарын облусу
Нарын облустук сотуна — Азамат Койломбаев;
Жумгал райондук сотуна — Бакытбек Нурбаев;
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу райондук сотуна — Айбек Бекбулатов
Бишкек шаары
Биринчи май райондук сотуна — Жамиля Акылбекова, Азирет Медеров.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку соттун төрагасы: судьялар тазаланат, мыйзам бузса жаап-жашырбайбыз