Таласта мал сойгондон кийин эки адамдан күйдүргү илдети аныкталды

Көк-Сай айылынын тургундары оорусу бар делген уйду сойгону маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда эки адамдан күйдүргү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Анын айтымында, 12-июлда райондун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун инфекциялык бөлүмүнө беш киши күйдүргүгө шектелип түшкөн. Ошол эле күнү алардан анализ алынган.
"Көк-Сай айылынын тургундары оорусу бар делген уйду сойгону маалым болду. Кийин колдоруна жара чыга баштаганда райондук ооруканага жаткырылган. Лабораториялык анализде экөөнүн күйдүргү жуктурганы тастыкталды. Алардын абалы туруктуу. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат", — деди Айгерчинова.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери оорунун жайылышына жол бербөө үчүн үйлөрдү кыдырып текшерүүдө.
Радио
Сотовалдиев: күйдүргү менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт