БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Нарын шаарында коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн беш электробус алынат. Бул тууралуу Нарын медиа борбору шаардын вице-мэри Майрамбек Жунусовдун айтканына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, заманбап автобустарды алууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилди. Алдыда тендер жарыяланып, сентябрь айынын аягына чейин алып келүү пландалууда.
Жунусовдун айтымында, калаа бийлиги коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн өткөн жылдан бери тиешелүү министрликтерге кайрылып, каражат бөлүүнү суранып келген.
"Электробустар 28 орундуу, 80 сомго кубаттап 80-100 чакырымга чейин жүрө алат. Бир автобустун наркы 11-12 миллион сом деп бааланууда. Негизинен мындай транспорттор Кытайдан жана Россиядан чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Нарын шаарында үч троллейбус жана жеке жактардан 30га чукул маршрутка каттайт.