БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Евробиримдик экономикасы олуттуу көйгөйлөргө туш келгенине байланыштуу Украинага берчү жардамдын көлөмүн азайтат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Эки ай мурун Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Украинага ыкчам кредит түрүндө 9 миллиард евро жөнөтүүнү сунуштаган. Азырынча блок биринчи транш менен миллиард евро берүүгө макулдаша алды.
Макалада Украина кризисинин кесепети Евробиримдик өлкөлөрүнүн экономикасына тийип жатканы белгиленген. Ал эми өкмөттөрү жакынкы айларда, өзгөчө эгер күйүүчү май дагы да тартыш жана кымбат боло берсе Киевди колдогон элдин катары суюлуп кетүү тобокелчилигине тынчсызданууда.
Bloomberg маалымат булактарына таянып Еврокомиссиянын Украинаны калыбына келтирүү планынын басымдуу бөлүгүн каржылоо сунушу биримдиктин айрым мүчөлөрүн жарга такап, чочутуп жатканын жазган. Киев өлкөнү калыбына келтирүүгө 750 миллион доллар талап кыларын айтууда.