Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган

Өткөн жылдын январь-май айында республика башка өлкөлөргө 4 тонна кымбат баалуу металл саткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-май айында Кыргызстан 41,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.
Ал жалпысынан 390 миң долларга бааланып, аны бир эле импортер — Түркия сатып алган. Анткен менен былтыр алтын көп, тагыраагы, 4 тонна 135,7 килограмм көлөмдө сатылган.
Статкомдун маалыматтарын анализдеп көрсөк, май айына карата сыртка 7,7 килограмм чыкса, ал эми өткөн жылдын аталган мезгилинде 575,6 килограмм сатылган.

Алтын боюнча абал

2021-жылы 5,6 тонна экспорттолгон, бул 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага кем.
Эске салсак, акыркы жылдары алтынды негизинен Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) аркылуу сатып келишкен. Бирок өткөн жылдын июнь айынан кийин токтоп калып, сентябрда "Кыргыз алтын" аффинаж заводу алтын саткан ишенимдүү тарап катары макамынан ажыраган. Ал эми май айында заводдун статусун кайрып беришкен.
Кыргызстан январда алтын экспорттогон жок. Былтыр жарым тонна саткан