Бишкектен Санкт-Петербургга каттамдардын саны көбөйтүлдү

Каттамдарды эки авиакомпания жумасына үч жолу аткарууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектен Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.
Мындан тышкары, Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарды "АвиаТрафикКомпани" компаниясы да жумасына бир жолу (ишемби күнү) аткара баштаганы айтылды.
Ташкенттен Бишкекке каттамдардын саны көбөйтүлдү