Бишкекте 10 бала бакча салуу пландалууда. Алгачкылары 2023-жылы башталат

Болотов 20 мектеп салуу боюнча долбоор бар экенин кошумчалап, курулуш иштери 2024-жылы бүтүп калат деп божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкекте 10 бала бакча салуу пландалып жатканын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун жетекчиси Санжарбек Болотов билдирди.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун жетекчиси Санжарбек Болотов
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "2022-жылы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кандай долбоорлор ишке ашырылат" аттуу брифингге катышкан. Директордун айтымында, борбордун негизги багыттарынын бири мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн алкагында мектеп, бакчаларды куруу болуп эсептелет.
Ордо калаада 10 бала бакча салуу боюнча долбоор бар. Ал мэрия менен биргеликте толук иштелип чыккан.
"Менин оюмча, бала бакчалар кийинки жылы ачылып калат. Эгер күзүндө менчик өнөктөштүктү тандоо боюнча процедуралар аяктап, документ алып калсак, кийинки жылы 10 болбосо да бир нечеси салынат", — деди Болотов.
Бул жылы аймактарда бала бакча куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканы кошумчаланды. Ошондой эле 20 мектеп салуу боюнча долбоор бар (анын жарымы Бишкек жана анын айланасында болот). Борбордун директорунун божомолу боюнча, мектептердин курулушу кийинки жылы башталып, 2024-жылы бүтүп калат.
"Манас" аэропортун өнөктөштүк негизинде модернизациялоого конкурс жарыяланат