Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Киевдеги элчилиги америкалыктарды Украинадан кетүүгө чакырды

Дипөкүлчүлүк Украинанын бардык аймагында коопсуздук боюнча кырдаалды туруксуз деп баалап, абал дароо жана күтүүсүздөн начарлап кетиши ыктымал экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШнын Украинадагы элчилиги америкалыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Мындай кайрылуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн расмий сайтында жарыяланды.
"АКШ элчилиги америкалык жарандарды Украинага барбоого, ал эми Украинада жүргөндөрдү коопсуз болсо кургактагы транспорт менен дароо чыгып кетүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Дипөкүлчүлүк Украинанын бардык аймагында коопсуздук боюнча кырдаалды туруксуз деп баалап, абал дароо жана күтүүсүздөн начарлап кетиши ыктымалдыгын жазган.
Элчилик Киев көзөмөлдөгөн аймакта жүргөн америкалыктарга ар кандай иш-чараларга катышуудан оолак болууну эскертип, эл көп топтолгон жерлерге барбоону сунуштаган.
Америка элчилигинин АКШ жарандарына жасаган бул чакырыгы боюнча Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова билдирүү жасап, Вашингтон Киевге түрдүү курал-жарак өткөрүп берүү менен Украинадагы жаңжалды улантууга аракет жасап жатканын эске салган.
Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда