Түндүк Корея ДЭР жана ЛЭР менен достук мамилени өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

13-июлда Түндүк Кореянын ТИМи Донецк Эл Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын Тышкы иштер министрликтерине аталган эки мамлекетти тааныган кат жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Түндүк Корея суверенитет, тынчтык жана достуктун негизинде Донецк жана Луганск эл республикалары менен мамлекеттик мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Борбордук телеграф агенттигине таянып кабарлады.
Маалым болгондой, 13-июлда Түндүк Кореянын ТИМи Донецк Эл Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын тышкы иштер министрликтерине аталган эки мамлекетти тааныган кат жөнөткөн.
"Министр катта Түндүк Кореянын өкмөтү ЛЭР менен ДЭРдин көз карандысыздыгын таануу жөнүндө чечим кабыл алганын, эки республика менен мамлекеттик мамилени өнүктүрүү ниетин билдиргенин жазган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Түндүк Кореянын Москвадагы элчилиги РИА Новостиге Донецк Эл Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын көз карандысыздыгын тааныганын билдирген. Мындан улам Украинанын ТИМи дипломатиялык мамилелерди үзүп, Түндүк Корея менен саясий жана экономикалык байланышты токтото турганын билдирген.
ТИМ: Киев Крымдын кайтарылышын, ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таанышы керек