Соцтармакта шылуундар кантип алдайт? Милиция коргонуу эрежелерин сунуштады

Милиция кылмышкерлер колдончу бир нече ыкмаларды атап, ага каршы туруу жолдорун сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Интернеттеги эң популярдуу кылмыш алдамчылык болуп саналат. Кара ниет адамдар социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасоону күчөттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирип, элге эскертүү берди.
Милиция шылуундарды кантип аныктоонун жана интернеттеги алдамчылык аракеттерден коргонуунун эрежелерин айтып берди. Ага ылайык, кылмышкерлер жарандардын социалдык баракчасына кирип маалымат чогултат.
"Социалдык тармак аркылуу сизге зыяндуу программаларга, алдамчылык ресурстарга жана колдонмолорго шилтеме келип, тез арада акча которууну суранат. Досуңуздун баракчасын бузуп кирип да жазышы мүмкүн. Жөнөткөн шилтемеге өтүүдөн же акча которуудан мурун досуңуз менен башка аккаунту же телефону аркылуу байланышыңыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлик шылуундар соцтармакта жана таанышуу сайттарында фейк аккаунттар менен отурарын эскертти.
"Алгач сайт аркылуу таанышат. Убакыттын өтүшү менен кылмышкер ишенимге кирип, маектешине жакыныраак мамилеге өтүүнү сунуштап, телефон номерин калтырат. Ал номер акы төлөнүүчү болуп, эсебиңизден акча которулушу мүмкүн. Мындан да жаманы сүйлөшүү учурунда сиз ага жеке маалыматтарды (сүрөт, видео) жөнөтүп алып коркутуунун курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал", — деп эскертти ИИМ.
Мындан тышкары, балдарга каржылык жардам сурап, кайрымдуулук акцияларын уюштуруу ыкмаларын да көп колдонушары белгиленди. Андыктан жардам көрсөтүүдөн мурун аталган иш-чаралар тууралуу маалыматтарды тактоо зарыл. Ал үчүн телефон номерлери, электрондук почтасы, социалдык баракчалары сыяктуу тастыктоочу булактар бар экендигине көңүл буруу сунушталат.
Алдап PIN-кодун сурап алышат. ИИМ банктык карта колдонууда сак болууга чакырат