БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго 1-ноябрга Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июлда, мамлекет башчынын төрагалыгынын алдында өкмөт жарым жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу отчёт берди.
Президент дүйнөдө ичүүчү суунун баркы, куну өскөнүн белгиледи.
"Биз анын баркын билбей, ичип жаткан таза сууларыбызды кендерди иштеткенге берип келдик. Мындан ары андай болбошу керек. Суу кодекси менен Жер кодексинин жаңы редакциялары 1-ноябрга чейин бүтсүн. Сиз буга толук жооптуу болосуз", — деди Жапаров министрге кайрылып.
Президент ири сумма бөлүп жатканда да айыл чарбасындагы эки пайыздык өсүш начар көрсөткүч экенине көңүл бурду.
"Сиз мунун үстүндө кардиналдуу чечимдерге барып, катуу ойлонушуңуз керек. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи орундан эч качан түшпөйт. Бул боюнча план иштеп чыгып бекитиңиз. Азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерди өнүктүрүүдө өзүңөр белгилеген 6 түрүн толугу менен эки жылдын ичинде ишке ашыргандай болуңуз", — деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров министрге аткаруучулук тартипти бекемдөөнү тапшырды. Ал 81 документ белгиленген мөөнөттө (18, 5%) аткарылбаганын, 2021-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда аткаруу тартиби 1,9 пайызга начарлаганын кошумчалады.