Жапаров кагаз көтөргөн аткаминерлерди тилдеп, планшет колдонууга чакырды. Видео

Мамлекет башчы "1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз" деген милдет коюлганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кагаз көтөрүп жүргөн аткаминерлерди сындап, планшет колдонууга чакырды.
Министрлер кабинетинин жыйынында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаев муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнү жөнөкөйлөштүрүүнү суранды.
"Биз, тескерисинче, оорлотолу, компьютер, планшет колдонолу деп жатабыз. Сиз жеңилдетүүнү суранып атасыз. Мына алдыңарда тонналаган кагаз жатат, калем, блокнотту колдоносуңар. Мына, менин алдымда эч нерсе жок, бир да калем, кагаз, блокнот колдонбойм. Мунун ичине (планшеттин — ред.) баары батат. Тескерисинче, компьютерге өткүлө да", — деди президент.
Ошондой эле ал "1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз" деген милдет коюлганын, бирок көпчүлүк министрликтер, агенттиктер, борбордук органдар бүгүнкү күнгө чейин электрондук өкмөткө өтө албай жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров ККМдин салыктан башка үч негизги артыкчылыгын санады