Эмгек өргүүнүн графигин жумуш берүүчү түзүшү зарыл. Кызматкердин өргүүгө чыгар убактысы жакындап калганда, эки жумадан кем эмес аралыкта кадрлар бөлүмү ошол кызматкерге эскертип коюшу керек. Ошондой эле үч күн калганда маянасы менен кошо өргүүнүн акчасы да төлөнүп берилиши шарт. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, компаниянын түрүнө карабай кызматкерлери 28 күндөн кем эмес эмгек өргүүсүнө чыгуу укугуна ээ жана бул үчүн каражат иш берүүчү тарабынан төлөнүп берилет.
"Эмгек өргүүгө 11 айдан ашык иштеген бардык кызматкерлер чыга алат жана бул үчүн атайын каражат төлөнөт. Айрым учурларда кызматкерлер эмгек өргүүнүн акчасын албай эле ал жерден иштен кетип же башка жакка которулуп кетишет. Мындай учурда арадан канча жыл өтпөсүн өндүрүп алсаңыз болот. Эмгек кодексинин 157-беренесине ылайык, жумуш берүүчү ар бир күнүнө 0,15 пайыз туум кошуп төлөп берүүгө милдеттүү болот. Эгер сиз эки жерде иштесеңиз, өргүүгө негизги иштеген жериңиздеги график боюнча чыгасыз, ал эми кошумча иштеген жериңиздеги жетекчи ошол маалда сизди бошотууга милдеттендирилет. Мындай учурда эки компаниядан тең өргүү акчасын алганга укуктуусуз", — деди Карачалов.
Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, бирок эс алууга кетпей иштеп калган учурда жумуш берүүчү эс алуу күндөрүн сиз каалаган учурда берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.