БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Эгерде саясий себептерден улам төлөмдөрдү жүргүзүүдөн баш тарткан "техникалык шарттарды" эске албасак, дефолт кайсы гана өлкөдө болбосун жөндөн-жөн болбойт. Ал эми баш тартуу экономикадагы түпсүз көйгөйлөрдү жаратат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине аналитик Александр Шураков айтып берген.
Тобокел топтогуларга экономикасы туризмге байланып, эки жылдык пандемиядан очорулуп калган өлкөлөр кирет. Эгерде ал энергоресурска таянып жашап келсе, абал ого бетер начарлагандыгын боолголой берсе болот.
Анын мисалы — Шри-Ланка, алар сырткы карызынан улам апрелде дефолт тууралуу жарыя кылды. Экономикасы ташып келинген күйүүчү май менен туризмден көз каранды, сөз болгон экинчи тармактын кирешеси жок болду. Жыйынтыгында өлкөнүн валюталык резерви эки миллиард долларга жетпей, ал эми быйыл тышкы карызга 8,6 миллиард доллар төгүүгө туура келген.
Кооптуулукта Пакистан да турат, аларга эл үчүн отун продукцияларын сатып алууну субсидиялоого туура келип жатат. Ливан менен Украинанын абалы түшүнүктүү. Бирок Түштүк Европанын экономикасында да тобокелдиктер бар экендигин айткан Шураков киреше менен мамлекеттик облигациялар өсүп жатканын, ал карызды тейлөөгө кетчү чыгымдардын өсүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
"Аргентинаны да эстен чыгарбаш керек, алар 44,5 миллиард долларлык карызды реструктуризациялоо боюнча январда Эл аралык валюта фонду менен келишим түздү. Жаңы документтин алкагында келишимге кол коюлган төрт жылдан соң аны төлөп башташ керек жана алы алты жылга созулат", — деген агенттиктин маектеши.