Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина бийлиги кандай шартта күнү бүтөрүн ачыктады

Макалада буудай жана болот экспорттолбой калгандан бери Киев валюталык кирешеден кол жууганы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Украина бюджеттеги тартыштыкты жабуу үчүн Батыш өлкөлөрүнөн айына тогуз миллиард доллар алып турушу керек. Бул мурдагы сурамдан эки эсе көп экенин Financial Times басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
Басылма Владимир Зеленскийдин экономика жаатындагы кеңешчиси Олег Устенконун Батыш мамлекеттеринин колдоосу боюнча айткан сөзүн келтирген.
"Биз кандай кырдаал болбосун жашап кеткенге аракет кылабыз. Бирок союздаштарыбыздын финансылык колдоосу жок аны ишке ашыруу мүмкүн эмес", — деген Устенко.
Макалада буудай жана болот экспорттолбой калгандан бери Киев валюталык кирешеден кол жууганы жазылган. Ошондой эле Борбордук банк каржылык боштукту толтуруу үчүн мамлекеттик облигацияларды сатып алгандыктан, Украина валюта резервдерин пайдаланууга аргасыз болуп жатканы белгиленген.
Ошол эле учурда АКШнын Финансы министрлиги мамлекеттик каржыны колдоо үчүн акча басып чыгаруу сыяктуу чукул чаралар убакыттын өтүшү менен маанилүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө доо кетириши мүмкүн экенин эскерткен. Ошондой эле союздаштары грантка жана арзан насыяга он миллиарддаган акчаны тезирээк бөлүшү керектигин белгилеген.
Буга чейин Еврокомиссия Украинага узак мөөнөткө насыя түрүндө миллиард евро бөлөрү айтылган. Кезектеги жардам пакети боюнча чечим июнь айынын соңунда ЕБдин саммитинде кабыл алынган. Бирок Германиянын финансы министри Кристиан Линднер Киевди европалык жалпы карыздын эсебинен каржылоого каршы чыккан.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга чейин белгилегендей, Украина Батыш мамлекеттеринен улам кредит ала берип алардын колониясына айланып калды. Мисалы, мамлекеттик төңкөрүш болгондон бери (2014-жылдын февралынан 2021-жылдын декабрына чейин) Киев бийлигине 70,5 миллиард доллар бөлүнгөн, ал эми 2022-жылдын февралынан майына чейин каржылоо көлөмү 15 миллиард доллардан ашты. Захарова Украина Батыштын капиталына сатылып жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
USAID: Украинанын бир айлык чыгымы 5 млрд. доллардан ашып жатат