Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түндүк Корея ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн тааныды

Буга чейин эки республиканын суверендүүлүгүн Сирия тааныган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Түндүк Корея Донецк Эл Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныды. Бул тууралуу ДЭРдин башчысы Денис Пушилин өзүнүн Telegram-каналы аркылуу билдирди.

"Донецк Эл Республикасынын эл аралык статусу бекемделип жатат. Бул биздин дипломатиядагы дагы бир жетишкендик. Биз Түндүк Кореянын элине Донбасстын жашоочуларын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.

РИА Новости жазганына караганда, Түндүк Кореянын элчилиги өлкө ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн тааныды.
Россиянын президенти Владимир Путин февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынынан кийин россиялыктарга кайрылып, ЛЭР менен ДЭРдин эгемендүүлүгүн таануу керек деп эсептей турганын билдирген. Ал дароо эле тийиштүү жарлыктарга дагы кол койгон. Ал бул документтер аркылуу Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жардамы менен аталган республикаларда тынчтыкты камсыздоого колдоо көрсөтүүнү табыштаган.
Эске салсак, Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бомбаланган жерди аралап жүргөн темир уста... Донецкиден тартылган видео