Университетке өтүү үчүн босого балл белгилүү болду

Босого баллдын өлчөмү былтыркыдан өзгөргөн жок.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл бекитилди. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ага ылайык, гранттык жана акы төлөө келишиминин негизинде окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттерге 60 балл бойдон калтырылды.
Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тест — 115, предметтик тест — 60 болуп бекиди.
I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест — 105, контракттык окутуунун бардык формаларына — 100 балл.
Министрлик жогоруда бекитилген баллга жетпеген абитуриенттер университетке кабыл алынбай турганын эскертти.
Алдыңкы үч орун Бишкекте. ЖРТдан эң көп балл алган 57 бүтүрүүчүнүн тизмеси