Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га ПЦР-тест арзандады

ПЦР-анализди айрым жарандар акысыз тапшыра алат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу департаментинде бүгүндөн тарта ПЦР-тесттин баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, ПЦР-тест буга чейин 788 сом болсо, мындан ары 490 сомду түзөт.
Иш убактысы:
анализдер күн сайын саат 8.30дан 15.00гө чейин кабыл алынат;
жыйынтыгы ошол эле күнү саат 18.00дөн 21.00гө чейин берилет.
Белгилей кетсек, COVID-19га ПЦР-анализди төмөнкү категорияга кирген адамдар акысыз тапшыра алат:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
Баткен окуяларынын катышуучулары;
Эмгектин ардагерлери;
70 жаштан жогору курактагылар;
Баатыр эне орденинин ээлери;
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга — көрүүсү, угуусу боюнча 1-2-топтогу майыптар;
18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
АИВ/СПИД менен жашаган адамдар;
6 жашка чейинки балдар;
жетим балдар;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары.
Республикалык штаб ПЦР-тест тууралуу маанилүү маалымат таратты