БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жуукусунда көчкөн мөңгүнү видеого тартып алган британиялык турист Гарри Шиммин эмнеге ошол учурда качууга аракет кылбаганын түшүндүрүп берген.
Эскерте кетсек, 8-июль күнү Жууку капчыгайында (Караколдон 70 чакырым алыстыкта) мөңгү көчкөн. Окуяны ошол жакта жүргөн Улуу Британия жана АКШдан келген туристтер (10 кишиден турган топ) камерага түшүрүп калышкан. Бир кыз бутунан жаракат алып, дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Дагы бир кыз аттан кулап денеси көгөргөн. Калгандары жабыркаган эмес.
Британиялык турист бул анын жашоосундагы толкунданткан тажрыйбалардын бири болгонун жазып, эмнеге качып кетпегенин түшүндүргөн.
"Дөбөнүн чокусунда сүрөткө түшүү үчүн жанымдагылардан бөлүнүп кеткем. Бир убакта артыман муздун жарылганы угулду. Ал жакта бир нече мүнөттөн бери жүргөндүктөн, жанымда жашына турган жер бар экенин билгем. Жардын кырында тургандыктан, качып кете алган жокмун. Ооба, дароо баш калкалай турган жайга кетсем коопсуз болмок. Тобокелчиликке барганымды да жакшы түшүнөм. Үстүмө кар түшкөндө дем ала албай, өлүп калам го деп ойлодум. Баары бүткөндө болуп көрбөгөндөй адреналинди сездим. Үстүмдө кичинекей эле кар жатыптыр", — деп жазган ал.
ӨКМдин маалыматы боюнча, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түзөт.