Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: айына 20 миң аскерин жоготкон Украина армияга ылгабай чакырта баштады

Ар кайсы аймактын тургундары аскерге чакыруу кагаздары күтүүсүздөн келип жатканын айтып, нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү айына 20 миңдей аскерин жоготуп жатат. Ошол себептен аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү аскерге чакыруу кагаздары менен ар бир адамдын артынан чуркап жүрөт. Бул тууралуу Daily Mail гезитине таянып РИА Новости жазды.
Макалада украиналыктар Киевдин аскерге чакырылгандарды мобилизациялоо ыкмаларына тынчсызданып жатканы белгиленген. Ар кайсы аймактын тургундары аскерге чакыруу кагаздары күтүүсүздөн келип жатканын айтып, нааразы болушкан.
"Бир аял аткаминерлер көчөдө велосипед тээп бараткан 18 жаштагы баланын артынан барып, кабыл алуу пунктуна келүү зарылдыгын кабарлаганына нааразы болгон. Львовдо болсо эркектерге аскерге чакыруу кагаздары чиркөөнүн так кире беришинде берилген. Мындай көрүнүш чиркөө өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жараткан. Одессада полиция кызматкерлери аскерге ылайыктуу адамдарды жээктерден издешкен", — деп айтылат маалыматта.
Британиялык басылманын серепчилери украин армиясынын башкы командачысы Валерий Залужныйдын 18 жаштан 60 жашка чейинки аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү эркектерди которууга катуу чектөө киргизген чечимин эске салышкан. Бирок кийинчерээк президент Владимир Зеленский буйрукту артка кайтарган. Журналисттердин божомолунда бул Куралдуу күчтөрдө жоготуу оор болуп жатканын көрсөтүп турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин атайын операциясынын жүрүшү: "легионерлердин" тагдыры анык болуп калды