Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Киев Батыш ЖМКлары үчүн тургундарды атайын өлтүрүп, Россияны айыптоодо

Россия Украинадагы фашизм жана нацизм көйгөйлөрү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынын өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Киев бийлиги россиялык аскерлерди каралоо үчүн жай тургундар чогулган жерге сокку уруп, андан соң мындай жерлерге Батыштын ЖМКларын алып барып жатышат. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынында Демократия көйгөйлөрүн иликтөө фондунун директору Максим Григорьев билдиргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Россия Украинадагы фашизм жана нацизм көйгөйлөрү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынын өткөргөн.
Россиянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский чогулгандарга Украина бийлиги, аскерлери, жарандары фашисттик символдорду колдонгонун чагылдырган видео далилдерди көрсөткөн.
"Биз Украина бийлиги Батыштын кабарчыларына кантип материал таап берип жатканын жаздырып жатабыз. Алар ар кандай шылтоо менен адамдарды чогултуп, ок чыгарып, андан соң Батыштын ЖМКларына бул кандуу көрүнүштөрдү тарттырып жатат. Украина өкмөтү адамдарды Батыш медиасына картина түзүп берүү үчүн атайын өлтүрүүдө. Бул фактыны биз күбө, жабыркагандардын жардамы менен далилдегенбиз", — деген Григорьев.
Украинанын өзүндө болуп, тургундардан сурамжылоо жүргүзгөн Григорьев күбөлөрдүн бир топ видео көрсөтмөлөрүн сунуштаган. Анда жай тургундар жөн жаткан адамдардын үйлөрүн украиналык аскерлер талкалап, жок кылганын айтып беришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинадагы атайын операцияда таамай артиллериялык дүрмөттөрүн колдонууда