"Ихсандын" мүлкү, эсеби камакка алынды. Милиция жабыркагандарды издеп жатат

Милиция ири масштабдагы иликтөө жүргүзүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "Ихсан" турак жай кооперативинен жабыркаган жарандарды Тергөө кызматына кайрылууга чакырды.
Бүгүнкү күндө милиция ири масштабдагы иликтөө жүргүзүп, чыгым тарткан жарандарга каражатын тез арада кайтаруу үчүн комплекстүү ыкчам чараларды көрүп жатканын белгиледи. Анын алкагында кооперативдин мүлкү жана банктык эсеби камакка алынган.
Милиция "Ихсандан" акчасын ала албай жүргөндөрдү 0312 26 64 05, 0709 11 45 74 же 102 номери аркылуу кайрылуусун өтүндү. Болбосо Бишкектин Фрунзе көчөсү, 469 дареги аркылуу барып арыз жазса болот.
Ошондой эле ИИМ кыргызстандыктарды каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана жеңил жол менен тез арада байып кетүүнү убадалаган сунуштарга азгырылбай сак болууга чакырат. Шашылыш чечим кабыл алуу маңдай тер менен тапкан каражатты бир заматта алып жоготорун эскертти.
Буга чейин милиция "Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеваны кармаган. Ал алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу беренелери менен шектелүүдө. ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, жарандар "Ихсанга" салган 121,3 миллион сомун кайтарып ала албай жатат. Убадаланган турак жай же автоунаа дагы берилген эмес.
Турак жай кооперативи акчаны эмнеге кайтарбай жатат? Кардарларынын чуусу видеодо