БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Беш жылдан ашык иштеген мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызматтан алынды, эми алар конкурстук негизде тандалат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо системасы киргизилет. Максаты — билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жарлыкта төмөнкүлөр камтылган:
жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат;
конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул жарлык күчүнө кирген күнгө карата беш жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
кызмат ордунда беш жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет;
иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат. Ал белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер сыяктуу конкурстан өтүүгө укуктуу.
Билим берүү жана илим министрлиги:
жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул жарлык күчүнө кирген күнгө карата беш жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун;
президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.