Бишкектик депутат ДЭР жана ЛЭР активисттерин Кыргызстанга чакырды

Тоолуу Алтайда өткөн "Манжерок" фестивалына 19 мамлекеттен делегация келди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik, Иван Зуев. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Дайырбеков Кыргызстанга ДЭР менен ЛЭРдеги активисттерди чакырды.
Ал 6-10-июль аралыгында Тоолуу Алтайда өткөн "Манжерок" жаштар форумуна катышты. Иш-чаранын катышуучулары долбоорлорун көрсөтүп, "Единая Россия" Жогорку партиялык мектебинин өкүлдөрүнүн лекциялары менен семинарларын угушту.
"Мен көптөн бери Алтайга келип кетүүнү кыялданып жүргөм. Бул жер бардык түрк элдеринин мекени деп айтылып келет. Мында биринчи түрк каганаты негизделип, алгачкы кыргыздар жашаган", — деди Дайырбеков.
Ал ошондой эле фестивалдан ДЭР, ЛЭР, Абхазия жана Түштүк Осетиянын активисттери менен сүйлөшкөнүн билдирди.
"Паспорттогу "улут" деген графа эле болбосо биз бири-бирибизден эч нерсебиз менен айрымаланбайбыз. Жаштар тынчтык, кызматташтык, өнүгүү жана сүйүү тууралуу ойлонот. Бул кичинекей республикалар үчүн тилектеш экенибиз маанилүү. Аларды Кыргызстанга, Ысык-Көлгө чакыргым келет", — деди депутат.
"Единая Россия" жана анын "Молодая гвардия" жаштар канаты Евразия аймагындагы активисттерди, коомдук ишмерлерди, достук партиялардын өкүлдөрүн топтоду. Алтайга 19 мамлекеттен делегация келген.
"Катышуучулар бирдиктүү эл аралык долбоорлорду түзүүгө аракет жасап жатышат. Мыкты долбоорлорду анализдеп, бир нечесин тандап алып сөзсүз колдоого алабыз", — деди Евразиялык кызматташтык жана интеграция фондунун башкы директору Николай Журавлев.
Фестивалдын дагы бир максаты ар кайсы мамлекеттердин жаш саясатчылары менен активисттеринин байланышын түзүү.
Катышуучулардын алдында "60 минут" программасынын алып баруучусу, Мамдуманын депутаты Евгений Попов, "Единая Россия" партиясынын Башкы кеңешинин катчысынын орун басары Дарья Лантратова, РФ ТИМинин катчылыгынын кеңешчиси Константин Колпаков, RT телеканалынын башкы редакторунун орун басары Анна Белкина, Мамдуманын депутаттары Артем Бичаев жана Артем Туров сөз сүйлөдү.
Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" аттуу эл аралык маданий форум өтүүдө