БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын март айынан бери өлкөнүн бардык региондорунан көптөгөн арыз түшкөн. Жарандар алына турган мүлктүн баасынын төрт же жети пайызын кирүү взносу катары төлөп, ал эми баштапкы суммага 25, 35, 50 пайызын беришкенин айтышкан.
"Бүгүнкү күндө кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, автоунаа да алышкан жок. Мүчөлүктөн баш тарткан адамдарга өзүнүн акчасын кайтарып бербей жатат. Натыйжада "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчилиги 121 миллион 314 миң сом чыгымга учураткан. 11-июлда бул кылмышты жасоого шектелип кооперативдин директорлор кеңешинин төрайымы 47 жаштагы Б.А. кармалды. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин тергөө кызматы "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин негиздөөчүлөрү жана башкаруучулугуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен иш козголгонун белгиледи.
Ошондой эле милиция кыргызстандыктарга кайрылып, "Ихсан" кооперативине мүчө болуп кирүүдөн карманууга чакырды. Анда каржылык пирамиданын белгилери байкалып жатканын жана салынган каражат кайтарылбай калышы мүмкүндүгүн эскертти.