БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Алматы шаары коронавирустун жайылышы боюнча сары зонага киргендиктен, башкы санитардык дарыгер чараларды күчөтүү боюнча токтомду жарыялаганын Sputnik Казакстан жазды.
Документте эл көп жүргөн жабык жайларда бет кап тагынуу сунушталган. Анын ичинде соода түйүндөрү, калкты тейлөө жайлары, банк, кинотеатр, театр, цирк, автобекет, коомдук транспорт, метро бар. Беш жашка чейинки балдар бет кап тагынбайт.
Белгилей кетсек, Казакстанда да коронавирус жуктургандардын саны өсө баштады. Өткөн суткада коңшу мамлекетте илдет 482 адамдан табылган.