БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Көлдүн Жуукусунда көчкөн мөңгүдөн турист аялдын, аны коштоп жүргөндөрдүн аман калганына кубанып күлүп жаткан видеосу тарады.
Анда кыргызча сүйлөп жаткан киши мөңгүнүн эпкининде калып эле сыгып алма суу болгонун түшүндүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 8-июль күнү Жууку капчыгайында (Караколдон 70 чакырым алыстыкта) мөңгү көчкөн. Окуяны ошол жакта жүргөн Улуу Британия жана АКШдан келген туристтер (10 кишиден турган топ) камерага түшүрүп калышкан. Бир кыз бутунан жаракат алып, дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Дагы бир кыз аттан кулап денеси көгөргөн. Калгандары жабыркаган эмес.
Ал эми жарыяланган дагы бир видеодо мөңгүнүн үрөй учура, гүүлдөп түшүп келе жатканы капталдан тартылган. Кадр сыртынан эркек кишинин "аттарды карма!" деп шашып сүйлөп, унааны токтотуп жатканы угулуп, андан ары эч нерсе көрүнбөй калып видео үзүлгөн.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеодон кийин тынчсызданып, алардын аман-соо экенин билүүгө суроо салып, ар кыл пикирлер айтылган.