Ысыкта бөлмөдөгү кондиционердин температурасы кандай болушу керек

Дарыгер организм ысык менен муздакка дароо кабылганда стресске учурап, иммундук коргонуу төмөндөй турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысыкта бөлмөнүн ичиндеги кондиционердин оптималдуу температурасы 20-22 градустан төмөн болбошу керек. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып берди.
"Сыртта ысык болгондо муздатуу аракеттерин жасоо керек. Адамдын организми жогорку температурага көпкө туруштук берүүгө ыңгайлашкан эмес. 40 градуста адам ысык толкунга урунуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан кондиционер оптималдуу климаттык шарттарды сактоо үчүн натыйжалуу ойлоп табуу болуп саналат. Кондиционер бөлмө ичинде 20-22 градус болгону оң", — деди Тяжельников.
Дарыгер айрымдар күн өтө ысып кеткенде бөлмөнү тезирээк муздатуу үчүн өтө муздак температурага коюп саларын, бул үшүп калууга, андан ары ооруга алып келерин эскертти.
"Муну алдын алуу үчүн бөлмөнү акырындап муздатып, өтө төмөн температурага койбоо керек. Кондиционер иштеп жатканда үстүгө бир нерсе кийип алган жакшы. Организм ысык менен муздакка дароо кабылганда стресске учурап, иммундук коргонуу төмөндөйт жана өнөкөт оорулар күчөйт", — деди адис.
Ошондой эле ысыкта кондиционер жок болсо желдеткич каражаттарын колдонууну сунуштады. Такыр болбосо таштекке муздак суу куюп же музду салып койсо бөлмө салкын болорун айтты.
Дарыгер мээ кайнаткан ысыктан коргонуунун жол-жобосун айтып берди