Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын туусуна боёлуп. Северодонецкиден тартылган видео

Шаардыктар бейпил жашоонун кайрылып келерине үмүт арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Донбасстагы шаарлардын бирине кирип бара жатканда орнотулган "Северодонецк" стеласы россиялык мамлекеттик туусунун түсүнө боёлуп, ага жергиликтүү жашоочулар ыраазылыгын билдирип жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Көпкө күттүк эле. Кудайга шүгүр, акыры ал аткарылды. Северодонецк эми өзүнүн дайымкы түсүнө боёлду. Бардык куткаруучуларга рахмат... Өтө ыраазыбыз. Шаарыбыз кайра калыбына келип, кайрадан гүлдөгөн шаар болот деп ишенебиз... Рахматыбызды өзүбүздүн эле эмес, Северодонецкинин бул жерде калып, Украина тараптын жааган огуна кайыл болуп, ага түткөн жашоочуларынын атынан айтып жатабыз", — деди Афганистан согушунун ардагери, северодонецкилик Сергей.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан. Учурда Россиянын Куралдуу күчтөрү Херсон, Мелитополь, Бердянск аймактарын өзүнүн көзөмөлүнө алды. ДЭРде Мариуполь бошотулду. Сегиз жыл мурда тосулуп калган Түндүк Крым каналы ачылды. 3-июлда болсо Луганск Эл Республикасы толугу менен бошотулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлери чегинип бара жатканда таштап кеткен аскер техникалары. Видео