Ошто сугат суу жагдайы жакшырат. Өкмөт менен ЕРӨБ макулдашууга кол койду

Касымалиев каржы институтунун жетекчисине көптөгөн инвесторлор азыртан эле чакан ГЭСтерди жана күн станцияларын курууга кызыгып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда тараптар Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашкан.
"Жолугушууда Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууга 17,87 миллион евро бөлүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусундагы Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат", — деп айтылат маалыматта.
Кезигүүдө Касымалиев Кыргызстанда келечекте жашыл экономикага өтүү артыкчылыктуу багыт катары каралганын айтып, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын белгилеген. Ошондой эле көптөгөн инвесторлор азыртан эле чакан ГЭСтерди жана күн станцияларын курууга кызыгып жатканын айткан.
"Бул долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстандын жаңы Салык кодексиндеги жашыл экономиканы жана аз көмүртектүү технологияларды колдоо боюнча ченемдер өбөлгө түзөт. Мындан улам биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын жашыл экономика тармагындагы пайдалуу чөйрөлөргө инвестиция тартуу аркылуу кызматташууга чакырабыз", — деген ал.
Өз кезегинде Одиль Рено-Бассо кичи жана орто бизнести колдоо каржы институтунун маанилүү приоритети бойдон каларын белгилеген.
"Кардарларыбыз болгон бизнес-компаниялар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү "жашыл" долбоорлорго кызыкдар. Биз дагы дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин күчөп бара жатканын эске алуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы аракеттерибизди улантышыбыз керек", — деген банктын президенти.
Белгилей кетсек, Касымалиев жумушчу сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунда жүрөт.
Пресс-борбор
Айыл чарба тармагын колдоого 26 млрд. сом каралды