БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Акыркы көч" тасмасы Россиянын Псков шаарында өткөн "Батыш дарбазасы" III эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгын алды. Бул тууралуу аталган фильмдин режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, кинокартинада башкы каармандын ролун аткарган Марат Алышпаев да Ардак грамотага татыган.
"Эки сыйлык алганыбызга, өзгөчө Марат Алышпаев үчүн абдан кубанып жатабыз. Мыкты эмгек үчүн ал көптөгөн сыйлыктарга татыктуу. Тилекке каршы, актёр бул сыйлыкты көрбөй калды. Эмгегибизди жогору баалаган калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз", — деген Жапар уулу.
"Акыркы көч" тасмасында улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган. Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.