Ысык-Көлдө мөңгү көчтү. Үрөй учурган видео

Окуя жума күнү саат 14:45тер чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Жууку капчыгайында мөңгү көчтү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына британиялык турист Гарри Шиммин билдирди.
Окуя жума күнү саат 14:45тер чамасында болгон.
Кадрды АКШ жана Улуу Британиядан келген туристтер (10 адамдан турган топ) тартып алышкан. Бир кыз бутунан жаракат алып, дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Дагы бир кыз аттан кулап денеси көгөргөн. Калгандары жабыркаган эмес.
ӨКМ менен жергиликтүү бийлик мөңгүнүн көчүшү боюнча маалыматты тактап жатышканын билдирди.
Жууку капчыгайы Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тескей Ала-Тоодо жайгашкан (Караколдон болжол менен 70 чакырым алыстыкта). Ал аркылуу көптөгөн туристтик маршруттар өтөт. Капчыгайга Саруу айылы аркылуу кирүүгө болот.
Өлкөдө “Мөңгүлөрдү сактайбыз” деп аталган акция башталды