БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Электрондук чылымдан (вейп) адамдын өпкөсү эле эмес жүрөгү да жабыркап, аны колдонгондордун инсультка кабылуу тобокелчилиги жогору болот. Бул тууралуу россиялык дарыгер Маринэ Гамбаряндын айтымына таянып, "Известия" басылмасы жазды.
"Вейперлердин жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылуу тобокелчилиги жогору. Анткени вейп деле кадимки чылым сыяктуу атерогенезди шарттайт. Мында кан тамыр сезгенет. Электрондук чылымдын суюктугунда өпкөгө терс таасирин тийгизген заттар бар. Изилдөөлөрдүн натыйжасында бул заттар менен түтүн шишиктин өрчүшүн шарттай турганы аныкталган", — деген медик.
Гамбарян электрондук чылым көздүн көрүүсүн да начарлата турганын кошумчалаган.