Украин аскерлери атайын операция учурунун маалында чегинип кетип бара жатканда Лисичанск менен Северодонецкинин ортосунда бир топ сандагы техникаларды калтырган тейден кетишкен.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жакында Россия лидери Владимир Путинге ЛЭРди бошотуу боюнча операция ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу маалымат берген. Акыркылардан болуп Луганскидеги ири шаарлардын бири Лисичанск бошотулган.
Азыркыга чейин Лисичанск менен Северодонецкинин ортосунда украин аскерлери чегинип бара жатканда таштап кеткен аскер техникалары жатат.
Кадрлардан ар кыл абалдагы "Казак" жана "Оса" техникаларын көрүүгө болот. Алардын бири катуу өрттөнгөндүктөн, темири гана калган.