Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефондон сүйлөштү

Тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Баарлашуу учурунда кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамилелердин келечеги талкууланганы айтылды.

"Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады", — деп жазылган маалыматта.

Өз кезегинде Эрдоган дагы Жапаровду ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.
Тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашканы белгилүү болду.
Кайрымдуулукту арттырган Курман айт. Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады