Градусник сынса эмне кылуу керек? ӨКМ пайдалуу кеңештер менен бөлүштү

Адамдын сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы градусник сынган учурда эң биринчи эмне кылуу керектинин айтып, пайдалуу кеңештер менен бөлүштү.
Эгер градусник бөлмө ичинде сынып сымап чачыраса, эң алгач бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз;
Жердеги сымапты кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырь менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!
Чогултулган сымапты суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бекем жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулуу затты зыянсыздандырган адистерге кайрылыңыз;
Сымап төгүлгөн жерди самын жана соданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.
Адамдын сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинери айтылды.
"Ууланган адам алсыз болуп, тамакка табити тартпай калат. Ошондой эле башы, шилекей жутканда тамагы ооруп, оозго темирдин даамы келиши ыктымал. Оозу канап, ичи ооруп, кусуп, шишик пайда болот", — деп жазылат маалыматта.
Мындай белгилер байкалган учурда ӨКМ жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алууну сунуштады.
Ачкарын же өтө тоюп алып күнгө күйгөн болбойт. Эске алчу эрежелер