"Манас" жана "Ош" аэропорттору инвесторго берилбей турган болду

Буга чейин аба майдандардын 50 пайыздык үлүшү түркиялык Nida компаниясына бериле турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, аба майдандар боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тартууга туура келген.
"Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсы гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропотторунун 50 пайыздык үлүшү түркиялык Nida компаниясына бериле турганы айтылган. Компания эки жылдын ичинде 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, Бишкектеги жана Оштогу аэропорттордун учуп-конуу тилкесин үчүнчү класстагы деңгээлге жеткирип, жаңы аэробекет жана жүк терминалын сала турганы белгиленген. Ал эми ЖК депутаты Жанар Акаев министрлер кабинети аэропортторду Түркиянын анча белгилүү эмес компаниясына бергени жатканын сындап, мындай келишим улуттук кызыкчылыкка каршы келерин кошумчалаган.
Жапаров: аэропортторду инвесторго берсек жылына 8 млрд. сом пайда көрөбүз