Пресс-борбор

Кыргызстанга дары-дармектин 30-40%ы аткезчилик жол менен келери айтылды

Адистин айтымында, аткезчилик жол менен ташылып келген дарылар кооптуу. Анткени препаратты туура эмес сактоодо жана ташууда курамы өзгөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөдөгү дары-дармектин 30-40 пайызы аткезчилик менен алып келиниши мүмкүн. Бул тууралуу Фармацевтикалык бирикменин төрагасы Эрнис Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Анын айтымында, дары-дармек рыногундагы аткезчиликтин так үлүшүн айтуу мүмкүн эмес. Бирок болжолдуу эсептер боюнча 30 пайызды түзөт.
"Аткезчилик жол менен ташылып келген дарылар кооптуу. Себеби аларды фармацевтикага эч кандай тиешеси жок адамдар ташыйт. Айрым препараттарды температуралык режимди сактоо менен атайын рефрижераторлорго салып ташыш керек. Туура эмес сактоодо жана ташууда дарынын курамы өзгөрөт. Мындан улам адам ууланып калышы мүмкүн", — деди Асанов.
Анын айтымында, дарыдан ууланбаган күндө дагы адамдын айыгып кетишине эч кандай таасир бербей коюшу мүмкүн.
"Бишкектин "Ош" базарында ушундай дарылар сатыларын билебиз. Канча жыл өтсө да сатуу точкалары ушу кезге чейин иштеп жатат. Ош жана Кара-Суудагы базарда дагы ушундай эле көрүнүш. Дарылар азык-түлүк же кийим-кечедей эле сатылат. Биз бул тууралуу канча убактан бери айтып келе жатабыз, тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок", — деди бирикменин жетекчиси.
Ал кыргызстандыктарды дары-дармекти лицензиясы жок жерлерден сатып албоого чакырды.
Бишкекте сулуулук клиникалары контрабандалык каражат колдонгон. УКМК видеосу