Радио

Салиев: каржы пирамидасына акча салгандар мыйзам бузууга көмөкчү болууда

Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев каржы пирамидасын уюштургандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын белгиледи.
Sputnik
Соңку убактарда каржы пирамидасына алдангандар көп болгондуктан ага каршы берене кабыл алынган. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
"Учурда каржы пирамидага алдангандар көп кездешүүдө. Муну уюштургандарга мурда алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголчу. Соңку убактарда алдамчылыктын бул түрүнө кабылгандар көп болгондуктан атайын каржы пирамидасына каршы берене кабыл алынган. Аракеттеги Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине ылайык, каржы пирамидасын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ар бир адам эртеңки күнгө жакшы жашоо камсыздоону каалап, өз кирешесин көбөйтүүгө аракет кылат. Миллиондон ашуун мигрант сыртта эмгектенип жүрөт. Алар которгон каражат инфляциядан улам күчүн жоготуп же тиричиликке колдонулуп кетпеш үчүн бир жерге салып, көбөйтүүгө кызыкдар. Ошолордун ишенимине кирип каржы пирамидасын уюштурган кара ниеттер кездешүүдө. Алар белгилүү суммада төлөм алып, артынан дагы эки, үч адам чакырып келсе ал каражатты көбөйтүп кайтарып берүүнү убадалайт. Алар дагы бул аракетти кайталап кете берет. Соңунда каржылык пирамидага туш болушууда. Ага душар болбош үчүн жарандардын укуктук, финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл. Айрымдар каржы пирамидасы мыйзамсыз экенин билип, ал кулаганча акчасын кайтарууга аракет жасашат. Алар өздөрүнө жана өзгөлөргө дагы зыян алып келип жатканын жана мыйзам бузгандарга көмөкчү болуп жатканын унутпашы керек", — деди Салиев.
Юрист жарандар каржы пирамидасы боюнча тиешелүү маалымат билгендер күтүүсүз укук коргоо органдарына кайрылышы керектигин кошумчалады.