Кара жыгач токоюнун айланасындагы курулуштардын мыйзамдуулугу текшерилет

Жумушчу топ Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кара жыгач паркынын чегин аныктоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Анын курамына Свердлов акимиатынын, "Бишкек башкы архитектуранын", "Кадастрдын" жана башка муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү кирди.
"Жумушчу топ Кара жыгач токоюнун айланасына курулган курулуштардын санын жана алардын мыйзамдуулугун аныктайт", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топ Бишкек мэриясынын буйругунун негизинде түзүлгөн.
Шахмат түрүндө салынган Пишпек. "Интергельпочулар" Кыргызстанга эмнеге келген