Шольц германиялык ишкердин "орустар менен сүйлөшүү" чакырыгына жооп берди

Канцлерден сырье жана энергетикалык ресурстардын баасынын көтөрүлүшүнөн улам "орустар менен сүйлөшүүсүн" өтүнүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц ZDF телеканалынын программасында "Германиянын колдоосу менен Европа биримдигинин Россияга каршы киргизген санкциялары канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү болду?" деген суроого жооп берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Канцлер Германия жаранынын "орустар менен сүйлөшүүгө" чакырганына да жооп айткан.
Жаран аялы экөөнүн чакан наабайканасы бар экендигин, акыркы учурдагы сырье жана энергоресурстардын кескин кымбатташынан улам жабылып кала турган болуп жатканын айткан.
"Германия акыркы 20 жыл ичинде көмүр, газ — энергоресурстар жаатында толук көз карандылыкта калды. Эгерде Россия энергоресурстарды берген жападан жалгыз өлкө болсо... Украина менен тилектештикти түшүнүп турам, украиндерди өзүбүз кабыл алып жатабыз, мунун баары түшүнүктүү дегилечи, бирок Германия өзү көз каранды болгон мамлекетке каршы санкция киргизе албайт да. Негизи дайыма отко май куя бербеш керек", — деген ишкер.
Шольц ага жооп кылып, Берлин Россия санкциялары боюнча "чечимди жалгыз эмес, Европадагы жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен биргеликте кабыл алганын" билдирген. Канцлердин айтымында, санкциядан Германиянын өзүнө зыян келип калбашына да көңүл бурулган.
Суроо салган киши Шольцко "азыр бардык нерсени колдонуш керектигин, бардык нерсе тууралуу сүйлөшүү зарылдыгын" кошумчалаган.
Германиялыктарга Россиядан газ келбесе эмнеге тушугарын айтып беришти