Зордукталган 13 жаштагы кыздын таламын талашып. Бишкектеги митингдин видеосу

Иш бийликтин көзөмөлүндө экени айтылып, президент Садыр Жапаров да бул боюнча пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында балдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы митинг өтүп жатат.
Sputnik кабарчысынын айтымында, акцияга 200дөй киши чогулган. Бүгүн аталган сотто 13 жашар кызды жарым жыл бою зордуктап келген эки милиционер менен дагы бир кишинин үстүнөн процесс жүрүп жатат.
1 / 3

Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында балдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы митинг өтүп жатат

2 / 3

Sputnik кабарчысынын айтымында, акцияга 200дөй киши чогулган

3 / 3

Бүгүн аталган сотто 13 жашар кызды жарым жыл бою зордуктап келген эки милиционер менен дагы бир кишинин үстүнөн процесс жүрүп жатат

Зөөкүрлөр март айында кармалып, иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") менен иш козголгон.
Иш бийликтин көзөмөлүндө экени айтылып, президент Садыр Жапаров да бул боюнча пикирин билдирген.
ИИМ: зордук-зомбулуктан жабыркаган балдардын саны эки эсеге өстү