БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлерди коркутуп, аларга орой мамиле жасаган, эреже бузган Салык кызматынын өкүлдөрү иштен бошотуларын убадалады.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров ККМ киргизүү боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоо максатында түзүлгөн жумушчу топ менен жыйын өткөргөн.
"Биз ар бир ишкерге, анын ичинде аймактагыларга ККМ менен иштөө техникасын үйрөтүүгө даярбыз. Салык кызматкерлери менен да жолугушуу өткөрөбүз. Эгер алардын бирөө эле эреже бузуп, ишкерге орой мамиле жасап коркутса, ал кайра кызматка келбегидей иштен бошотулат", — деген ал.
Жапаров жумушчу топтун алкагында башталган ишти улантуу керектигин белгилеген.
"Мага силердин жардамыңар керек. Салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтып тургула. Ал үчүн WhatАpp тайпа түзүп, ага мени кошуп койсоңор болот. Кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берген ар бириңиздерге ыраазымын жана баалайм", — деген өкмөт башчы.
Буга чейин айрым ишкерлер жана соодагерлер ККМге каршы митингге уюштуруп, алардын алдына чыгып сүйлөгөн Акылбек Жапаров бир пикирге келүү үчүн жумушчу топ түзгөн.