Кыргызстандыктарды АКШ, Европага жөнөтөм деп алдап кеткен жаран кармалды

Компаниянын жетекчиси 36 жаштагы А.Н. 40 кишиден 20 миллион сомдой акча алганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарын АКШ жана Европа өлкөлөрүнө жумушка орноштурам деп алдап кеткен "Грин Лайт Компани" компаниясынын директору кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган компаниянын жетекчиси 36 жаштагы А.Н. чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок туруп 40 кишиден акча алган. Анын ичинде жаш балдар дагы болгон.
"Кыргызстандыктарды чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдовага жеткиришкен. Бул жаран чет элдиктер менен келишим түзүп алып мекендештерди Молдовада 5 айдан ашык кармаган. Аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ, Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган. Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары кыргыз жарандарына кылмыш ишин козгоп, андан соң депортациялаган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча 31 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени белгиленди. Иш сотко жөнөтүлгөн.
Турак жай кооперативи акчаны эмнеге кайтарбай жатат? Кардарларынын чуусу видеодо